Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 19:52
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

БШК: Президенттик шайлоо жана референдумдун расмий жыйынтыгы 24-январга чейин жарыяланат

12.01.2021 16:06
472
БШК: Президенттик шайлоо жана референдумдун расмий жыйынтыгы 24-январга чейин жарыяланат

Президенттик шайлоо жана референдумдун расмий жыйынтыгы 24-январга чейин жарыяланат. Бул тууралуу  Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы кабарлады.


Билдирүүгө ылайык, негизинен шайлоонун расмий жыйынтыгы добуш берилгенден кийин 20 күндүн ичинде жарыяланат. Бирок мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болгондуктан шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу 14 күнгө кыскарды.

"Добушту саноо шайлоо бүткөндөн кийин 3 күн аралыгында бүтөт. Тактап айтканда, 14-январга чейин аяктайт", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 10-январда кезексиз президенттик шайлоо жана референдумга добуш берүү өткөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн