Бугу 22, 2024
Убакыт: 02:14
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

БШК Руслан Чойбековду депутаттык мандатынан ажыратты

09.06.2020 17:07
913
БШК Руслан Чойбековду депутаттык мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" саясий партиясынан депутаты Чойбеков Руслан Нуркалиевичтин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу 9-июнда БШКнын басма сөз кызматы билдирди.  


Токтом Руслан Чойбековдун арызынын негизинде кабыл алынды. 8-июнда БШК Чойбеков Руслан Нуркалиевичтен депутаттык ыйгарым укуктарынан бошотуу боюнча арыз келип түшкөнүн маалымдаган. 


Чойбековдун ордуна партиянын тизмеси боюнча Руслан Молдошев келиши керек болчу,  бирок ал дагы тизмеден чыгуу тууралуу арыз жазган. Молдошевден кийин тизмеде №61 болуп Замирбек Эсенаманов турат. Муну менен ал Жогорку Кеңешке «Кыргызстан» саясий партиясынан депутат болуп келиши мүмкүн.  




Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Нагима
Молодой, грамотный
Акылбеков Саякбай
Добуш береер элем, мыкты кызматкер!
Чойбекова Жылдыз Шейшеновна
Эн мыкты