Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 15:34
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

БШК Шайлообек Атазовдун арызын четке какты

10.12.2021 11:03
2677
БШК Шайлообек Атазовдун арызын четке какты

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттыгына бир мандаттуу Төлөйкөн шайлоо округунан талапкер Шайлообек Атазовдун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Нурбек Алимбековго карата жазылган арызын кароодон баш тартты. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматы билдирет.



Маалыматка ылайык, жумушчу топ ыйгарым укуктуу өкүлдүн арызын караган. Анда шайлоо кампаниясы учурунда Нурбек Алимбеков добуш сатып алууга аракет кылганы жазылган. Жумушчу топ аталган иш боюнча Ош шаардык милициясына кайрылганда факты аныкталбагандыктан иш кыскартылганын маалымдаган.


Мындан улам, жумушчу топ Нурбек Алимбековго карата жазылган арызды кароодон баш тарткан. Бул чечимди БШК да колдогон.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн