Бугу 12, 2024
Убакыт: 16:06
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

БШК Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитти

05.08.2020 10:52
916
БШК Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитти


Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Шайлоочуларды идентификациялоо тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү жөнүндө токтом кабыл алды, деп маалымдады БШК басма сөз кызматы.


Токтом шайлоочулардын добуш берүүдө, ошондой эле шайлоочулар ката же так эместикти тапканда же болбосо шайлоо дарегин алмаштырганда арыз берген учурда биометрикалык идентификациядан өтүүсүн караган мыйзамдарды ишке ашыруу максатында кабыл алынды.


Шайлоочуларды идентификациялоо жол-жобосу шайлоочулардын өздүгүн уникалдуу биометрикалык маалыматтар – тиешелүү база ресурсунда камтылган колдун манжаларынын жана бет түзүлүшүнүн папиллярдык чийиндери боюнча ырастоону карайт.


Нускама шайлоочулар шайлоо комиссияларына арыз берген учурда жана добуш берүүдө идентификация жүргүзүүнүн тартибин аныктайт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн