Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 03:49
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

БШК: Шайлоого аттанган 44 партиянын 12си атайын эсепке каражат которду

12.08.2020 11:19
1056
БШК: Шайлоого аттанган 44 партиянын 12си атайын эсепке каражат которду


Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоого аттанган партиялардан канча каражат түшкөнүн жана канчасы сарпталганы тууралуу 7-августка карата маалымат берди.


Маалыматка караганда, атайын эсепке 12 саясий партиянын шайлоо фондуларына каражаттар түшкөн. Башка партиялардын атайын эсептерине каражаттар азырынча түшө элек.


Учурда эң көп каражат “Кыргызстан” партиясы эсебинде, алар 10 миллион сом которгон. Эң аз каражатты “Мекенчил” саясий партиясы которгон. Алардын атайын эсебинде 11 миң 500 сом бар.

 

9-июлдан 7-августка чейин партиялардан которулган каражат жана чыгымдардын тизмеги:

 

- "Мекеним Кыргызстан" партиясынын эсебине 3 млн 35 миң сомов которулган. Анын 2 млн 718 миң 405 сому коротулган;

 

- “Социал-Демократтар” СП 1 млн 703 миң 510 сом которгон. Анын 1 млн 544 миң сому коротулган;

 

- “Кыргызстандын жашылдар” СП 200 миң сомов которгон, алардын каражаты коротула элек;

 

- “Бир Бол” СП 9 млн 676 миң сом которуп, анын 5 млн 269 миң 140 сому коротулган;

 

- “Республика” СП 800 миң сом которгон, анын 120 миң 400 сому коротулган;

 

- “Биримдик” СП 200 миң сом которгон, анын 80 миң 25 сому коротулган;

 

- “Чон казат” СП 375 миң сом которгон, алардын каражаты коротула элек;

 

- “Мекенчил” СП 11 миң 500 сом которуп, анын 20 сому коротулган;

 

- “Ата-Мекен” СП 1 млн 999 миң 900 сом которуп, каражаты коротула элек;

 

- “Реформа” СП 348 миң 520 сом которуп, азырынча коротула элек;

 

- “Кыргызстан” СП 10 млн сом которуп, ал каражат коротула элек; 

 

- “ОРДО” СП 200 миң сом которуп, анын 195 миң 835 сому коротулган. 


Белгилей кетсек, БШКга 44 партия шайлоого катышарын билдирген. Алардын ичинен 42си атайын эсептерин ачып, шайлоо фондуларын түзгөнүн билдирген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн