Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:44
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

БШК Садыр Жапаров боюнча Исаев менен Мадумаровдун арызын канааттандырган жок

14.12.2020 13:29
1373
БШК Садыр Жапаров боюнча Исаев менен Мадумаровдун арызын канааттандырган жок


Борбордук шайлоо комиссиясы 12-декабрдагы отурумунда Адахан Мадумаров, Канатбек Исаев, Бектур Асановдун президенттикке талапкер Садыр Жапаровду каттоодон баш тартуу боюнча билдирүүсүн канааттандырган жок. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде төрайымдын орун басары Абдыжапар Бекматов эмне үчүн мындай чечим кабыл алынганын айтып берди.


«Арыз ээлери талапкер премьер-министрдин кызматынан тийиштүү түрдө кетпегендигин жана жазуу жүзүндө арыз тапшырбагандыгын көрсөтүштү. Бирок бул жерде Сооронбай Жээнбековдун кырдаалындай эле – ал 15-октябрда кайрылуу жасап, кызматтан кетти. Ал эми премьер-министр Садыр Жапаров 14-ноябрда жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу кайрылуу жасап, ыйгарым укуктарын токтотту», – деди Бекматов.


Премьер-министрдин отставкасы спикер тарабынан кабыл алынган соң, анын шайлоого катышуу ниети тууралуу билдирүү БШКга келди, деп кошумчалады БШКнын төрайымынын орун басары.

Теги

Пикирлер (2)

Коопсуздук коду
Бек
Шайлорсу таза отпойт .Жапаровду президент болду деп есептей берсе болот.
Таа
Кутулгон еле нерсе болду.БШК ким бийликте болсо ошонун музыкасына ойногон бир аталмыш орган.