Бугу 03, 2024
Убакыт: 04:58
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

БШК Садыр Жапаровдун жанындагы адамдар боюнча кайрылууну текшере баштады

17.12.2020 14:39
1046
БШК Садыр Жапаровдун жанындагы адамдар боюнча кайрылууну текшере баштады

16-декабрда БШКнын ыкчам аракеттеринин координациялык тобу социалдык тармактарда УКМКнын Мамлекеттик коопсуздук комитети үгүт иш-чараларынын жүрүшүндө Садыр Жапаровду үгүттөө иш-чараларында коштоп жүрөт деген кайрылууну текшере баштады.


БШКнын маалыматы боюнча, Фейсбук колдонуучусу  К.Ажыбекова  президенттикке талапкер Садыр Жапаров өткөргөн үгүт иш-чараларынын бириндеги сүрөттөрдү жарыялаган. Сүрөттө "Садыр Президент" деген жазуусу бар көк түстөгү спорттук баш кийим жана жилет кийген жигиттер көрсөтүлгөн.


Ошондой эле, Координациялык топ Төрөхан Жунусбековдун "Талас эли Садыр Жапаров менен ... шайлоо 2021" посту талкууланып жаткан Facebook тармагындагы маалыматтарды текшере баштады.


БШКнын мүчөсү Журабаева жана башка колдонуучулар Төрөхан Жунусбеков MegaCom мамлекеттик компаниясынын башкы директорунун кеңешчиси экендигин белгилешти жана бул «Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын 22-беренесинин 15-бөлүгүн бузат деп билдиришкен.


БШК белгилегендей, комиссия бул фактылар боюнча Башкы прокуратурага жана Ички иштер министрлигине кабарлаган.

Теги

Пикирлер (3)

Коопсуздук коду
Интизар Рузали кызы
Садыр мыйзамды бузуп жатат
Шайыра
Канча арыз жазбагыла баары бир Садыр бузган эмес деген жыйынтык чыгарышат, белгилуу да.Ошол чындык болсо шайлоодон четтетсе мына ошондо чындык болмок.
Таа
Бшкнын туура деп чечим чыгарышын билебиз да.