Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 23-мартта 27-февралда Свердлов шайлоо округунда кайра өткөн шайлоонун жыйынтыгын чыгарат. Бул тууралуу 22-мартта БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, жыйынтык 22-мартта чыкмак. Бирок укук коргоо органдары айрым териштирүүлөр бүтпөй калгандыктан бир күн убакыт берүүнү суранган.
Белгилей кетсек, Свердлов шайлоо округунан эң көп добуш алган Абдурахманхажи Муртазалиев шайлоодон четтетилди. Экинчи орунду Төлөйкөн шайлоо округунан жеңилип калган мурдагы депутат Шайлообек Атазов ээлеген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн