Бугу 18, 2024
Убакыт: 20:27
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

БШК Токмоктогу жолугушууга мугалимдер менен энергетиктердин ташылып келиши боюнча ишти текшерет

04.01.2021 15:27
531
БШК Токмоктогу жолугушууга мугалимдер менен энергетиктердин ташылып келиши боюнча ишти текшерет


БШКнын ыкчам чара көрүү боюнча координациялык тобуна БШКнын мүчөсү Гүлнара Джурабаевадан билдирүү түштү.


Анын айтымында, президенттикке талапкер Клара Сооронкулова өзүнүн  Facebook  баракчасында  талапкер Садыр Жапаровдун шайлоочулар менен жолугушуусу боюнча билдирүү калтырган.


Текстте иш-чарага Токмоктун  мектептеринин жетекчилери, мугалимдери, энергетиктери катышкандыгы көрсөтүлгөн. Аларды ар бир айыл өкмөттөрдөн 5 кичи автобус ташып келген.


Маалыматты Ички иштер министрлиги жана Башкы прокуратура текшере баштады.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн