14-февралда Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Абдыбахаб Боронбаевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту.
Комиссиянын жыйынында белгилүү болгондой, Боронбаев мандатын тапшыруу боюнча арыз жазган.
Эске салсак, Боронбаев 2021-жылы “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынан шайланган. Бош мандат Саидбек Зулпуевге тапшырылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн