Бугу 13, 2024
Убакыт: 21:17
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

БШК бир мандаттуу округдан талапкерлердин документтерин кабыл ала баштады (талаптар)

12.09.2021 18:02
817
БШК бир мандаттуу округдан талапкерлердин документтерин кабыл ала баштады (талаптар)


Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү этабы башталганын билдирди.

Шайлоого катышууну каалаган жарандар 18-октябрь саат 18:00гө чейин төмөнкү документтерди тапшырышы керек:

-Саясий партиянын мөөрү жана жетекчисинин колу менен күбөлөндүрүлгөн бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкерди көрсөтүү жөнүндө саясий партиянын чечимин же өзүн-өзү көрсөтүү жөнүндө арызы;

-Өмүр баяны, паспорттун, жогорку билими тууралуу дипломунун көчүрмөсү, иштеген же окуган жеринен маалым кат, башка мамлекетте жарандыгы жок экени (мурдагы жарандыктары), соттуулугу боюнча жекече маалыматтарды текшерүүгө жазуу жүзүндөгү макулдугу;

- 100 миң сом шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти.

Ал эми талапкерлигин койгон жарандарга төмөндөгүдөй талаптар коюлат:

- Президенттен, Жогорку Кеңеш же жергиликтүү кеңештин депутатынан тышкары мамлекеттик жана муниципалдык саясий кызматкерлер, мамлекеттин, муниципалитеттин 30 пайыздан ашык үлүшү бар ишканалардын жана алардын бөлүмдөрүнүн жетекчилери талапкерлигин койсо кызматтык ыйгарым укуктарын токтотот;

- Мамлекеттик кызматтын түрүнө (жарандык, аскердик, укук коргоочулук, дипломаттык) карабастан мамлекеттик кызматчы, муниципалдык кызматчы, жалпыга маалымдоо каражатынын кызматкери ыйгарым укуктарын аткарууну токтотуп турат;

- Анын кызматтан четтеп туруу боюнча жазган арызы үч күндүн ичинде кабыл алынышы шарт. Ошол эле учурда ага маянасынын орточо өлчөмү төлөнүп берилет.

Талапкерлигин койгон жаран ыйгарым укуктарын токтоткондугу тууралуу буйруктардын көчүрмөсүн БШКга тапшырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн