Бүгүн, 16-декабрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Жогорку Кеңештеги “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын депутаты Чынберди Төлөновду мандатынан ажыратты.
БШКдан билдиришкендей,Чынберди Төлөнов мандатын тапшыруу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына арыз жазган.
Анын негизинде БШК КР Конституциясынын 79-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пунктуна, “КР президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР Конституциялык мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Чынберди Төлөновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом кылды.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн