Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын чыгарууда серверде мүчүлүштүк болуп айрым партиялардын нааразылыгын жаратты.
Ал арада БШК жана бийлик өкүлдөрү добуштарды кол менен саноодон кийин гана расмий жыйынтык чыгарыларын билдирди. Шайлоо өткөнүнө 2 күн болгонуна карабастан шайлоо комиссиясы добуштардын болгону 20 пайызын эсептеди. Мындай жай аракет шайлоо жыйынтыгын тааныбай турган тараптардын ого бетер нааразылыктарына себеп болууда.
БШК шайлоо мыйзамдарына ылайык 16-декабрга чейин добуштардын кол менен эсептөөнүн расмий жыйынтыгын жарыялоого тийиш.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн