Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 10:46
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

БШК эле аралык жана коомдук байкоочуларды аккредитациядан өткөрүүдө

08.12.2020 08:37
485
БШК эле аралык жана коомдук байкоочуларды аккредитациядан өткөрүүдө

БШК мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого карата эле аралык жана коомдук байкоочуларды аккредитациядан өткөрүүдө. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.


Маалыматка ылайык,Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 2020-жылы 7-декабрындагы жыйналышында Кыргыз Республикасынын Президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоодо эл аралык байкоочу катары ЕККУ (ОБСЕ) ДИАУБдун (БДИПЧ) 12 өкүлүн аккредитациялоо жөнүндө токтом кабыл алды.

2020-жылдын 7-декабрына карата БШК дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн 7 эл аралык уюмдун өкүлү болуп саналган 55 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү.

Ханнс Зайделдин Фондунун КРдеги өкүлчүлүгү – 1 байкоочу;

Шайлоо тутумдарынын эл аралык фондунун (IFES) өкүлчүлүгү – 1 байкоочу;

Молдова БШК – 2 байкоочу;

КМШ ПАА – 34 байкоочу;

КМШ миссиясы – 4 байкоочу;

Азербайжан БШК – 1 байкоочу;

ЕККУ (ОБСЕ) ДИАУБ (БДИПЧ) – 12 байкоочу.

Чечим “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10-беренесин, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2 жана 21-пункттарын, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2016- жылдын 9-ноябрындагы №197 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумдагы эл аралык (чет элдик) байкоочулардын иш тартиби, статусу жана ыйгарым укуктары жөнүндө” Жобонун 3-бөлүгүнүн 3.4 жана 3.5-пункттарын жетекчиликке алып кабыл алынды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн