Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов калкты өзү жашаган жери боюнча каттодон өтүүгө чакырды. Бул тууралуу ал "Биринчи радионун" суроолоруна жооп берип жатып билдирди.
"Жаңы мыйзам боюнча Кыргызстандын ичинде №2 форма колдонулбайт. Кыргызстандыктардын жашаган жеринен каттоого өтүү үчүн 2 ай убактысы калды. Бул шайлоо үчүн гана эмес, ички миграция маселеси да бар. Окуу, иштөө себептери менен 45 күндөн ашык жашаган жеринен башка жерде болгон жарандар да ошол жашаган жери боюнча каттоого туруусу шарт"- деди Бекматов.
Пикирлер (1)