Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 23:52
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

БШК президенттикке талапкерлерге талапкерлик күбөлүктөрүн тапшырды (ФОТО)

12.12.2020 22:30
1283
БШК президенттикке талапкерлерге талапкерлик күбөлүктөрүн тапшырды (ФОТО)

Борбордук шайлоо комиссиясынын 11-декабрдагы жыйынында КР президентинин кызматына 18 талапкердин кол тамгаларды жыйноо баракчаларын текшерүүнүн жыйынтыгы жөнүндө кол тамгалар коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү боюнча жумушчу топтун протоколдору бекитилди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирет.


"Кыргыз Республикасынын президентин жана КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" КР конституциялык мыйзамынын 52-беренесинин 8-бөлүгүнүн негизинде, "Кыргыз Республикасынын президенти кызматына талапкерди колдоо үчүн шайлоочулардын кол тамгаларын жана талапкерлер менен алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү көрсөткөн кол коюлган барактардагы кол тамгалардын аныктыгын текшерүүнүн тартиби жөнүндө" Инструкциянын 48-пунктуна ылайык, кол тамгалардын аныктыгын текшерүү КР президенти кызматына талапкерди колдоо үчүн шайлоочулардын кол тамгаларынын аныктыгы 30 миңге жеткиче текшерилет.

Жумушчу топтун маалыматына ылайык, шайлоочулардын анык кол тамгалары төмөнкү талапкерлерде аныкталды:


  1. Бабыржан Төлбаев;
  2. Садыр Жапаров;
  3. Аймен Касенов;
  4. Арстанбек Абдылдаев;
  5. Равшан Жээнбеков;
  6. Курсан Асанов;
  7. Элдар Абакиров;
  8. Адахан Мадумаров;
  9. Абдил Сегизбаев;
  10. Жеңишбек Байгуттиев;
  11. Мыктыбек Арстанбек;
  12. Клара Сооронкулова;
  13. Рашид Тагаев;
  14. Бактыбек Калмаматов;
  15. Каныбек Иманалиев;
  16. Имамидин Ташов;
  17. Канатбек Исаев;
  18. Улукбек Кочкоров

Кол тамгалар коюлган баракчаларды текшерүү процедурасы КР президенти кызматына талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда, ошондой эле ЖМК өкүлдөрүнүн катышуусунда аткарылды.


Талапкерлердин ыйгарым укуктуу өкүлдөрү кол тамгалар коюлган баракчаларды кабыл алуу жана текшерүү процедураларына эскертүү беришкен жок.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн