Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы 29-сентябрдагы жыйынында «Социал-демократтар» партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына көрсөткөн талапкерлеринин тизмесинен 4 адамды чыгарды. Бул тууралуу БШК маалымдады.
Тизмеден чыгарылгандар:
- Талиева Камилла Абдуразаковна;
- Маматбуваев Бахадир Сайдуллаевич;
- Самиева Машхура Шавкатовна;
- Заитов Мамир Моминжанович.
Мындай чечим «Социал-демократтар» саясий партиясынын 28-сентябрдагы кат жүзүндөгү билдирүүсүнүн негизинде кабыл алынды. Камилла Талиева партиянын тизмесинде №13, Бахадир Маматбуваев №34, Машхура Самиева №41, Мамир Заитов №47 орунда болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн