Кечээ, 20-январда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссия Кыргызстандын башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумду өттү деп тааныды. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
БШКнын маалыматына караганда, шайлоо укугуна 3 млн 563 миң 574 жаран ээ болсо, 1 млн 394 миң 218 адам добуш берген. Ал жалпы шайлоочулардын 39,12%ын түзөт. Анын ичинен президенттик башкарууга 1 млн 136 миң 155 адам (81,49%), парламенттик башкарууга 152 миң 81 адам (10,91%) жана бардык варианттарга каршыга 62 миң 265 адам (4,47%) добушун берген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн