Бугу 14, 2024
Убакыт: 03:10
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

БШК 8 шайлоо участкасынын дарегин өзгөрттү (тизме)

14.09.2020 16:54
969
БШК 8 шайлоо участкасынын дарегин өзгөрттү (тизме)


Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы сегиз шайлоо участкасынын дарегин өзгөрттү. Бул тууралуу 14-сентябрда БШКнын басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, Чүй облусунун Ысык-Ата аймактык шайлоо комиссиясынын, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу аймактык шайлоо комиссиясынын шайлоо участкаларынын даректерин өзгөртүү боюнча чечим кабыл алды. 


1) Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Туз айыл аймагынын № 7132 шайлоо участогунун дареги: Осмонов көчөсүндөгү маданият үйүнүн имаратынан, А.Айталиев атындагы Туз орто мектебинин имаратына;


2) Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл аймагынын № 7142 шайлоо участогунун дареги: Логвиненко айыл өкмөтүнүн имаратынан Кирпичная көчөсү, 2 дарегиндеги "Алтын Балалык" бала бакчасынын имаратына;


3) Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Ысык-Ата айыл аймагынын № 7136 шайлоо участогунун дареги: Жакишев көчөсүндөгү Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн имаратынан Тайкашкаев көчөсү, 27 дарегиндеги О.Бөлөбалаев атындагы орто мектебинин имаратына;


4) Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Чий айыл аймагынын № 3100 шайлоо участогунун дареги: Ленин көчөсүндөгү клубдун имаратынан Ленин көчөсүндөгү Качыбек атындагы орто мектебинин имаратына;


5) Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айыл аймагынын № 3112 шайлоо участогунун дареги: Өмүралы көчөсүндөгү клубдун имаратынан Асанбай көчөсүндөгү Алышпаев атындагы орто мектебинин имаратына;


6) Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Боз-Учук айыл аймагынын № 3106 шайлоо участогунун дареги: Ленин көчөсүндөгү М.Жусупов атындагы орто мектебинин имаратынан Арык-Мырза көчөсүндөгү клубдун имаратына;


7) Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Ак-Булуң айыл аймагынын № 3104 шайлоо участогунун дареги: Ак-Булуң айыл өкмөтүнүн имаратынан Ажын шоссесинин боюндагы Туманов атындагы орто мектебинин имаратына;


8) Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кара-Жал айыл аймагынын № 3128 шайлоо участогунун дареги: Рахмат көчөсүндөгү Эшимбеков атындагы орто мектебинин имаратынан Рахмат көчөсүндөгү Кара-Жал айыл өкмөтүнүн имаратына.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн