Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 16:37
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

БШК шайлоо кампаниясын каржылоонун ачык-айкындуулугу боюнча семинар өткөрдү

07.08.2020 11:47
1032
БШК шайлоо кампаниясын каржылоонун ачык-айкындуулугу боюнча семинар өткөрдү


Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын эсепти пландаштыруу, отчеттуулук бөлүмү бухгалтерлер жана территориялык шайлоо комиссияларынын (ТШК) төрагалары үчүн финансы маселелери боюнча окутуу семинарын өткөрдү.

БШКнын басма сөз кызматы билдиргендей, окутуучу иш-чаранын катышуучуларына ачык-айкындуулуктун жана финансылык ачыктыктын принциптерине жооп берген шайлоо кампаниясын каржылоого тиешелүү маселелер боюнча түшүндүрмө берилди.


Бухгалтерлер жана ТШК төрагалары 2020-жылдагы Жогорку Кеңешке шайлоонун чыгымдары эпидемиологиялык кырдаалга жараша, шайлоо процессин уюштуруу үчүн абдан зарыл болгон иш-чараларды эске алуу менен түзүлгөндүгү боюнча кабардар болушту.


Шайлоо комиссияларынын чыгымдарынын сметасын түзүүнүн жана төмөнкү комиссияларды андан ары каржылоонун 2020-жылдагы өзгөчөлүгү, ТШКга территориялык шайлоо комиссияларынын жана шайлоо комиссияларынын участокторунун чыгымдарынын бир гана корголгон статьялары боюнча акча каражаттары берилээри болуп калды.


Булар: айлык акылар, Соцфондго чегерүүлөр, кызматтык сапарлардын чыгымдары жана башка товарлар менен кызмат көрсөтүүлөрдү (окутууга кеткен чыгымдар: тамак-аш, күнүмдүккө берилчү акча) сатып алуу.


Эске салсак, 2020-жылдын 4-октябрына Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо дайындалган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн