Тогуздун айы 13, 2025
Убакыт: 11:42
USD
87.30
87.80
EUR
101.10
102.10
RUB
1.070
1.095

БШК шайлоо өнөктүгүнө каражат чогултууда мыйзам бузбоого чакырды

БШК шайлоо өнөктүгүнө каражат чогултууда мыйзам бузбоого чакырды


Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо өнөктүгүнө каражат чогултууда мыйзамды сактоого чакырды. 


Кеп Жогорку Кеңеш депутаттыгына аттангандар тууралуу болууда. Талапкерлердин кээси мобилдик тиркемелер аркылуу акча чогултуу тууралуу кулактандырууларды чыгарып жатат. Буга Борбордук шайлоо комиссиясы уруксат бербейт. 


БШК шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн "Элдик Банк" жана "Айыл Банкты" аныктаган. 


Кайрымдуулук жашыруун деп таанылбасы үчүн идентификациядан өтпөгөн төлөм тутумдары аркылуу акча каражаттарын накталай эмес которууга же төгүүгө тыюу салынат. 


БШК башка банктардын мобилдик тиркемелеринин тизмеси толукталып турарын айтты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн