Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 01:22
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

БШК шайлоосу. "Эмгек" партиясы - чыныгы инсандардын партиясы (Видео)

03.04.2021 19:29
1932
БШК шайлоосу. "Эмгек" партиясы - чыныгы инсандардын партиясы (Видео)


"Эмгек" саясий партиясы алдыдагы Бишкек шаардык кеңешинин фаворити десе болот. Аны мындай даражага жеткирген белгилүү себептер бар. Алар биринчиден, талапкерлердин тизмеси. Тизмеде буга чейин БШКнын депутаты болгон, өзүн жакшы тарабынан гана көргөзүп келген, тажрыйбалуу чарбачыл адамдар жана борбор калаа үчүн бар күчүн жумшап, берилип иштей турган жаштар бар. Экинчиден, шаардыктардын актуалдуу маселелерин чагылдырган жана аларды чечүүгө мүмкүнчүлүк бар экенин тастыктаган программасы. Үчүнчүсү, мыкты жана мазмундуу үгүттөө кампаниясы. Төртүнчүсү, демократиялуулук. "Эмгек" партиясына он миңдеген кыргызстандыктар мүчө. Алардын ар бири кайсы бир маселени же кандайдыр бир демилге көтөрүп чыгуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ал эми эң татыктуулары депутаттыкка талапкерлигин коюп жатат. 



Жакынкы күндөрү "Эмгек" партиясынын тарапташтары чогулуп, бул саясий уюмдун артында чыныгы инсандар турганын тастыктап беришти. Алар "Эмгек" деген сөздү, 22 деген номерди жана жалпы бир белгини түзүп беришти. Жогоруда аталгандай жол менен бишкектиктерди 11-апрелде боло турган шайлоодо "Эмгек" партиясын колдоого чакырып өтүштү. Чогулгандардын жаш курагы ар кандай жана ар тармактын адамдары болгону да өзүнчө өзгөчөлүк. Аларды "Эмгекке" болгон ишеним бириктирди деп так кесе айтсак болот. "Бул партия үчүн чечилбей кала турган маселе жок. Биз өз күчүбүзгө ишенебиз жана шаардыктардын колдоосуна ишенебиз", - дешти чогулгандар.



“Эмгек” саясий партиясынын финансылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Н.Омуралиева тарабынан каржыланды.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн