Эгерде парламент өзүн-өзү таратуу тууралуу чечим кабыл алса, Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоо өткөрүүгө даяр. Бул тууралуу БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров билдирди.
Бүгүн Жогорку Кеңештин тармактык комитети БШК төрагасынын 2024-жыл үчүн ар жылдык баяндамасын укту. Талкуунун жүрүшүндө эл өкүлү Гуля Кожокулова коомчулукта парламенттин азыркы чакырылышы мөөнөтүнөн мурда таркай турганы жөнүндө ар кандай кептер айтылып жатканын белгилеп, БШК төрагасынын аталган маселе боюнча пикирин сурады.
БШК төрагасы Жогорку Кеңешти таркатуу маселесин эң ириде парламент өзү чечерин айтып, эгерде андай чечим болсо ал жетектеген мекеме мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүүгө даяр экенин билдирди.
"Жаңы кабыл алынган конституциялык мыйзамдын талаптарына ылайык, зарыл жоболордун дээрлик 90 пайызын жаңы мыйзамга шайкеш келтирдик. Биз бардыгына даяр болушубуз керек. Эгер парламент чечим кабыл алса, биз даярбыз", — деди Шайназаров.
Эске салсак, Жогорку Кеңеш быйыл кабыл алган жаңы мыйзамга ылайык, келе турган парламент 30 көп мандаттуу аймактык шайлоо округунан түзүлөт. Алардын ар биринен үчтөн депутат шайланат.
Ал эми Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таркатышы үчүн демилгени 30 депутат көтөрүп, сунушту кеминде 61 депутат колдошу зарыл.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн