Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 11:42
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

БШК үч саясий партиянын документтерин карап чыга элек. Алар кайсылар?

25.08.2020 15:53
1240
БШК үч саясий партиянын документтерин карап чыга элек. Алар кайсылар?


Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясында саясий партиялардан документтерди кабыл алуу жыйынтыкталды. Бул тууралуу документтерди кабыл алуу боюнча топтун мүчөсү Абдыжапар Бекматов 25-августтагы жыйында билдирди. 


Анын айтымында, 17 саясий партия каттоодон өтүү үчүн документтерин өткөрүштү. 


"БШКга документтерин тапшырган 17 саясий партиянын ичинен 3 партиянын документтерин карап чыга элекпиз. Калган партиялардыкы каралды. Учурда "Реформа", "Биримдик" жана "Кыргызстан" саясий партиясынын документтери карала элек", - деди Абдыжапар Бекматов.


Белгилей кетсек, бүгүнкү жыйын саясий партиялардын БШКга тапшырган документтерине байланыштуу өтүп жатат. Ага партиялардын өкүлдөрү, журналисттер катышууда.


24-августта саат 18:00дө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуучу партиялардан талапкерлердин тизмесин кабыл алуу токтогон.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн