Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 06:12
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

БШК жергиликтүү кеңештерге шайлоого канча акча керектелерин айтты

26.09.2024 09:40
303
БШК жергиликтүү кеңештерге шайлоого канча акча керектелерин айтты


Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөнүн жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча чыгымдардын сметасы бекитилгенин билдирди.


"Жалпысынан 495 миллион 718 миң сом каралган. Анын ичинен 201 миллион 881 миң сому шайлоону уюштурууга: маалымдоого, комиссияларды окутууга, байланышты камсыз кылууга, маалыматтык материалдарды басып чыгарууга, шайлоо жабдууларын, шайлоо документтерин жана таркатмаларды аймактарга жеткирүүгѳ жумшалат. 293 миллион 838 миң сом аймактык 56 шайлоо комиссиясынын жана 2 439 участкалык шайлоо комиссиясынын ишин камсыз кылууга керектелет", — деп айтылат маалыматта.


Алдын ала маалыматтар боюнча, 2024-жылдын 23-сентябрына карата республикада 4 миллион 114 миң 931 шайлоочу бар. Бир шайлоочуга кеткен чыгымдын суммасы 120 миң 46 сомду түзгөн.


БШК шайлоону каржылоодо ачыктыкты жана отчеттуулукту камсыздоо максатында "Борборлоштурулган бухгалтердик эсеп" автоматташтырылган маалыматтык системасы колдонуларын эске салды.


Эске салсак, жергиликтүү кеңештерге шайлоо 17-ноябрда өтөт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн