Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:56
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

БШКда парламенттик шайлоо пандемияга карабай өткөрүлө турганы айтылды

26.06.2020 13:48
1580
БШКда парламенттик шайлоо пандемияга карабай өткөрүлө турганы айтылды


Парламенттик шайлоо коронавирус пандемиясына карабай өткөрүлөт. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова бүгүн, 26-июнда Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы менен COVID-19 штабынын биргелешкен жыйынында билдирди.

Super.kg сайты жазгандай, анда БШКнын жыйындарын онлайн трансляция кылуу боюнча талкууланды.


Кыргызстанда пандемияга байланыштуу шайлоо кандай шартта өткөрүлөт жана шайлоочулардын коопсуздугу каралабы, шайлоого кандай даярдыктар бар деген негизги суроолордун үстүндө талкуу жүрүүдө.


Атыр Абдрахматова коронавируска карабай парламенттик шайлоо өткөрүлө турганын айтты. 


Буга чейин БШК тарабынан парламенттик шайлоонун 4-октябрда өтөрү белгиленген.

 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн