Бугу 14, 2024
Убакыт: 19:35
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

БШКдагы талаш: «Кыргызстан» партиясы документтерин кечигип өткөрдү

25.08.2020 09:52
894
БШКдагы талаш: «Кыргызстан» партиясы документтерин кечигип өткөрдү


Борбордук шайлоо комиссиясынын каттоо журналында "Кыргызстан" саясий партиясынын документтерди өткөрүү убактысы оңдолду. 


БШКнын имаратындагы видео байкоолордон «Кыргызстан» саясий партиясынын өкүлдөрү документтерин саат 18:00дөн өткөндөн кийин алып келишкенин көрүүгө болот. 


Башка саясий партиялардын өкүлдөрү мындай көрүнүшкө нараазы болуп, БШКдан "Кыргызстан" саясий партиясын шайлоого болгон жарыштан алып салууну талап кылышты. Каттоо журналында саат 18:01 деп көрсөтүлгөн, бирок ал кайра саат 17:59 деп өзгөртүлгөн. 


Мындан улам Жогорку Кеңештин депутаттары, активисттер жана саясий партиялардын өкүлдөрү 24-августтан 25-августка караган түнү БШКнын имаратынын алдында "Кыргызстан" партиясы документтерин кечигип өткөргөндүгү үчүн аны тизмеден алып салууну талап кылышты. 


Саат 01:00дө катышуучулар видео камералардагы жазууларды карап чыгышты. Видеодон маалым болгондой, «Кыргызстан»  партиясынын өкүлдөрү 24-августта саат 18:00дөн өткөндөн кийин документтерин өткөрүшкөн.  Бирок, БШКнын өкүлдөрү камерадагы саат 13 мүнөт артта экенин айтышып, «Кыргызстан» саясий партиясынын документтерин өткөрүү убактысы саат 17:59га өзгөртүлдү. 




Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн