Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 05:52
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

БШКга Шайлообек Атазовдун үстүнөн добуш сатып алуу боюнча арыз келип түштү (видео)

14.03.2022 16:50
9567
БШКга Шайлообек Атазовдун үстүнөн добуш сатып алуу боюнча арыз келип түштү (видео)


Координациялык ыкчам аракеттенүү тобуна Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер Шайлообек Атазовдун үстүнөн арыз түшкөн. Бул тууралуу 24.kg агенттиги билдирди.


Анда интернетте Атазовдун жактоочусу акча таратып жаткан видео пайда болгону айтылат. Кадрда бир нече белгисиз адамдар №12 үчүн добуш берүү үчүн акча сунуштап жатканын көрүүгө болот. Шайлообек Атазов шайлоо бюллетенинде анын астына жазылган.



Белгилей кетсек, буга чейин БШК округ боюнча эң көп добуш алган Абдурахманхаджи Муртазалиевдин талапкерлигин каттодон баш тарткан. Муртазалиевге жана башка талапкерлерге берилген добуштардын саны же алар утуп алган УШКнын саны үчтөн биринен ашса, бир айдын ичинде кайрадан шайлоо дайындалат, эгерде андай болбосо, анда Шайлообек Атазов мандат алат. Ал добуштардын саны боюнча Муртазалиевден кийин экинчи орунда турат.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Жусупбек Кадырбеков
Шайлообек Атазов мандат алыш керек.