Бүгүн, 2-декабрда Борбордук шайлоо комиссиясына 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы тараптар чогулду.
Белгилүү болгондой, бүгүн бир мандаттуу шайлоо округунда өткөн шайлоонун жыйынтыктарына нааразы талапкерлер өздөрүнүн нааразылыктарын айтууда. Жолугушууга БШКнын мүчөлөрү, укук коргоо органдары жана журналисттер катышууда.
Эскерте кетсек, кечээ дал ушундай жолугушуу партия өкүлдөрү менен өткөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн