Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 12:54
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

БШКга шайлоого катыша турганын билдирип кайрылган партиялар 35ке жетти

08.07.2020 08:23
887
БШКга шайлоого катыша турганын билдирип кайрылган партиялар 35ке жетти


Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, 7-июлга карата Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышкысы келерин билдирип 35 саясий партия кайрылды.

Алгачкылардан болуп шайлоого катышуу ниетин «Мекенчил» жана «Ата Мекен» партиялары билдиришкен.

БШК билдиргендей, парламенттик шайлоо дайындалгандан соңку беш календардык күн ичинде ага катышууну каалаган саясий партиялар Боршайкомго бул тууралуу маалымдама жиберүүгө тийиш. Маалымдама жазуу түрүндө, партия уставынын жана мөөрүнүн көчүрмөсү менен кошо жиберилиши керек.

Саясий партиялар БШКга тапшыруучу тизмелер Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарына ылайык, 21 жаштан өйдө, шайлоого жана шайланууга укуктуу жарандарын камтышы зарыл.

Саясий партиялар сунуш кылган талапкерлердин тизмесин каттоо шайлоо бекитилген күндөн тартып, добуш берүүгө 45 күн калганга чейин жүргүзүлөт.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн