Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 12:56
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

БШКнын алдында ачкачылык жарыялаган партиялар ачкачылыгын токтотту

15.04.2021 16:17
796
БШКнын алдында ачкачылык жарыялаган партиялар ачкачылыгын токтотту

БШКнын имаратынын алдында жергиликтүү кеңештерге шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардын өкүлдөрү ачкачылык акциясын токтотту. Бул тууралуу Коммунисттер партиясынын мүчөсү, акциянын катышуучуларынын бири Амантур Манапбаев билдирди.


"Шайлоонун жыйынтыгы менен сегиз партия макул эмес. Биз шайлоо жыйынтыгын тааныбайбыз. Көптөгөн мыйзам бузуулар катталган. Социалдык тармактарда видео, фото фактылар жарыяланды. Биз бийликке, тиешелүү органдарга кайрылганбыз. Анын жообун күтөбүз, талап кылабыз. Азыркы учурда БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова чыгып биз менен сүйлөштү. Анын чыгышы үчүн эки күн ачка турушка мажбур болдук. Чатырларды милиция кызматкерлери сындырып, алып кетишкен. Ага карабай биз күнү-түнү күттүк. Биз Шайлдабековадан шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылдык. Ал Бишкектин шайлоо тилкелеринде кайсы жерде мыйзам бузуу катталса, арыздын негизинде ал жердеги добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылат деди. Муну жеңиш деп айтсак болот. Биздин талаптар толук аткарылган жок. Бирок жарым-жартылай аткарылды",- деп билдирүү калтырган Манапбаев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн