Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 18:27
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

БШКнын call-борборунун операторлорун окутуу болуп өттү

10.08.2020 09:00
930
БШКнын call-борборунун операторлорун окутуу болуп өттү


Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы БУУӨПтүн шайлоону колдоо боюнча программасынын колдоосу астында БШКнын call-борборунун операторлорун окутууну өткөрдү.


Боршайкомдун басма сөз кызматы билдиргендей, биргелешкен тренингден 12 адам өттү, алардын арасында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар, пенсионерлер, жаштардын жана ар кайсы этностук топтордун өкүлдөрү бар.


БШК төрагасы Нуржан Шайлдабекова жана БУУӨПтүн шайлоону колдоо боюнча программасынын улук эксперти Юлия Шипилова семинардын катышуучуларына куттуктоо сөз менен кайрылышты. БУУӨПтүн гендер боюнча эл аралык эксперти Татьяна Бибик “Гендер жана шайлоо” деген темада презентация өткөрдү.


БШК эксперттери операторлорго шайлоочулардын тизмелери, Кыргызстандан мигранттардын добуш берүү жол-жобосуна жана шайлоо талаштарына катышуусу боюнча кенен түшүндүрмө беришти. Ошондой эле, тренингдин катышуучулары Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиялардын шайлоо фонддорунун каражаттарын түзүү жана чыгымдоо маселелери менен тааныштырылды.

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн