Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 10:51
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

БШКнын мүчөсү: БШКнын серверинде мүчүлүштүк шайлоо күнү күндүз да болгон

30.11.2021 09:33
638
БШКнын мүчөсү: БШКнын серверинде мүчүлүштүк шайлоо күнү күндүз да болгон

Борбордук шайлоо комиссиясынын  Маалыматтык шайлоо системасындагы мүчүлүштүк добуш берүү күнү күндүз саат экиде байкалган. Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Кайрат Маматов "Азаттык" радиосунун эфиринде билдирди.


Анын айтымында, шайлоодо добуш бергендердин пайыздык көрсөткүчү боюнча БШК журналисттерге берген маалымат менен сервердеги сандарда айырма чыккан. Муну техникалык себепке байланыштырган Маматов адистер аны кечки саат сегизден кийин оңдогонун билдирди.


Учурда бул мүчүлүштүктүн чоо-жайын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жана башка мамлекеттик органдардын IT адистери текшерип жатышат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн