Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, "Айыл банктын" директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү Кайрат Маматов УКМКга сурак берди. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.
Анын айтымында, ал УКМКга "Айыл банктын" тегерегиндеги териштирүүгө байланыштуу чакырылган.
"Мен БШКнын мүчөсү катары эмес, "Айыл банктын" директорлор кеңешинин мурдагы мүчөсү катары чакырылдым. Эч кандай шайлоого тиешеси жок.
Мен банктын директорлор кеңешинде иштеп турган кезде банк Кыргызстандагы банктардын арасынан 17-орундан 3-орунга көтөрүлгөн.
Менин байкашымча банк айрыкча мамлекеттик кредиттерди берүүдө мыйзамсыздыкка барган эмес. Балким президент Садыр Жапаровго туура эмес маалымат беришкен",- деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн