Назарали Арипов Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү кызматтык ыйгарым укуктарын токтотту. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, мындай чечим анын "Республика" саясий партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого талапкер болгондугуна байланыштуу кабыл алынды.
БШКнын 24-августагы жыйынында Н.Арипов чогуу иштеген кесиптештерине ыраазычылык билдирди.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн