Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 15:28
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов кармалды

01.05.2022 12:37
716
БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов кармалды


КР УКМК тарабынан КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Абдраимовдун БШКнын төрагасы болуп турганда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Ал өзүнүн кызматтык абалынан пайдаланып, Ысык-Ата районунун “Жээк” айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин 95% акциясы өзүнө таандык болгон“Кайнар” ЖАКсына аянты 11,2 га болгон таштанды таштоочу жайды бекер бөлүп берүүгө мажбурлаган. 


Ошону менен бирге Ысык-Ата райондук администрациясынын буйругуна ылайык, “Кайнар” ЖАКу 2015-жылдан баштап белгиленген тилкеде бардык санитардык-экологиялык нормаларды сактоого милдеттендирилген жана түзүлгөн келишимдер боюнча Кант шаарынын мэриясы 2015-жылдан бери катуу тиричилик таштандыларын жок кылып туруу үчүн ай сайын 250 миң сом “Кайнар” ЖАКга төлөп турган. Бирок, “Кайнар” ЖАКы таштанды таштоочу жай уюштуруу менен гана чектелип, катуу калдыктарды жол кылуу боюнча эч кандай санитардык нормаларды сактабаганы аныкталды. 

 

2022-жылдын 30-апрелинде жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча КР УКМК тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча алдын ала квалификациялоо менен кылмыш иши козголуп, аталган кылмышка шектүү катары Т.Абдраимов кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

 

Азыркы учурда КР УКМК тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чараларын улантууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн