Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 14:33
USD
86.50
86.85
EUR
90.50
91.50
RUB
0.830
0.875

БШКнын төрайымы партияларды биригүүгө чакырды

16.09.2021 14:18
942
БШКнын төрайымы  партияларды биригүүгө чакырды

 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу үчүн 75 партия катталган. Анын ичинен алты партия шайлоо фондун ача элек, эки партияны каттоодон баш тартылган.


Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова партияларды биригүүгө чакырды. Себеби партиянын көп болушу добуштардын бөлүнүшүнө алып келип, жыйынтыгында көпчүлүк шайлоочунун өкүлү парламентке өтпөй калат.


«2010-жылы өткөн парламенттик шайлоого 29 партия катышкан, босого 5 пайыз болчу. Бул Жогорку Кеңешке өтүүгө жакшы шарт болду деген психологиялык иллюзияны түзгөн. Бирок 29 партиянын көпчүлүгү мандат бөлүштүрүүдө четте калып калышкан. Добуш берүүгө катышкан 36 пайыз шайлоочунун өкүлдөрүнө мандат жетпей калган. Анткени 19 партия өтпөй калган. Алдыңкы катарда оппозициялык партиялар өткөндүктөн мындай кемчилик байкалбай калган.


2015-жылы өткөн шайлоодо 14 партия катышып, 6 партия өткөн. Анда партиялар биригип, электораты да бир багытта болушкан, жыйынтыктар тең салмактуу болгон. Шайлоодон кийинки абал дагы туруктуу болгон.


Быйылкы шайлоодо партиялар өз колу менен шайлоодон кийинки кризисти жаратып алышы мүмкүн. Себеби партиялардын саны көп, атаандаштык бар, мындан улам добуштар бөлүнүп кетип, көбүнө мандат жетпей калат»,-дейт Шайлдабекова.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн