Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кыргызстандыктарды добуш берүүгө катышууга чакырды. Бул тууралуу ал брифингде билдирди.
"Урматтуу шайлоочулар, сиздердин бүгүнкү кадамыңыздар Кыргызстандын келечегин аныктоого жол ачат. Кайдыгер болбой шайлоого катышып, татыктуу талапкерди тандоого чакырам.
Урматтуу шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү, сиздер да бардык мыйзамды сактап мүчүлүштүктөргө жол бербеңиздер. Мыйзам бузуулар катталса ыкчам чара көрүүнү талап кылам",- деди Шайлдабекова.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн