Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 13:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

БШКнын төрайымы жана вице-премьер-министр Баткенде алдыдагы шайлоо боюнча маселелерди талкуулады

09.12.2020 11:33
450
БШКнын төрайымы жана вице-премьер-министр Баткенде алдыдагы шайлоо боюнча маселелерди талкуулады

9-декабрда Баткен облусунда вице-премьер-министр Максат Мамыткановдун катышуусунда 2021-жылдын 10-январына дайындалган алдыдагы президенттик шайлоого даярдык көрүү боюнча жыйын болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.


Мамытканов өз сөзүндө, мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоо 5-октябрда болуп өткөн саясий окуяларга байланыштуу болгонун айтты. Ал жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчыларын шайлоого даярданууга жана көйгөйлөр болсо алдын ала маалымат берүүгө чакырды.


"Шайлоо учурунда кемчиликтер аныкталса, ал башы менен жооп берет. Мыйзам бузуулар болбошу керек. Эгер ошондой нерселер ачыкка чыкса, анда укук коргоо органдарына кайрылыңыздар. Алар учурдагы мыйзамдардын алкагында иш-аракеттерди көрүшөт. Негизги маселе №2 форма болгон. Буга байланыштуу мындай кемчиликтер болбошу керек. Таза жана акыйкат шайлоо өткөрүү керек. Шайлоочулардын тизмеси так болушу керек. Шайлоонун дагы бир көйгөйү - добуштарды сатып алуу. Акчаны бөлүштүрүү, добуштарды сатып алуу - ушунун бардыгы мыйзам бузуу деп эсептелет. Мындай фактыларга укук коргоо органдары реакция кылышат. Мындан тышкары, административдик ресурс колдонулбашы керек", - деди Мамытканов.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн