Борбордук шайлоо комиссиясынын жумушчу тобу президенттик кызматка талапкерлердин топтогон кол тамгаларын текшерип бүттү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 20 талапкер топтогон кол тамгаларын алып келген. Бирок жумушчу топ эки талапкердин кол тамгаларын жараксыз деп тапкан. Бул акыркы чечим эмес. Алардын мыйзамдуулугун БШКнын мүчөлөрү отурумда аныктайт.
Азыркы учурда 18 талапкердин кол тамгалары жарамдуу деп табылган.
Мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн