Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:42
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

БШКнын жумушчу тобу Садыр Жапаровго расмий эскертүү берүүнү сунуштады

03.01.2021 14:23
710
БШКнын жумушчу тобу Садыр Жапаровго расмий эскертүү берүүнү сунуштады

Борбордук шайлоо комиссиясынын ыкчам аракет көрүү боюнча жумушчу топ президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун Каракол шаарындагы эл менен жолугушуусундагы театрлаштырылган көрсөтмөнү үгүт эрежесин бузуу деп таап, расмий эскертүү берүүнү сунуштады. Сунуш Боршайкомдун жалпы жыйынында чечилет. Бул тууралуу БШКдан билдиришти.


Жумушчу топтун мүчөсү Семетей Аманбековдун айтымында, 2-январдагы отурумга талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлү Александр Мощин да чакырылды. Мощин Жапаровдун жолугушуусундагы театрлаштырылган көрсөтмөнү штаб эмес, жергиликтүү тургундар өздөрү уюштурган деп билдирген.


Эске салсак, социалдык тармактарда президенттикке талапкерСадыр Жапаровдун эл менен жолугушууларынын биринде театрлаштырылган көрсөтмө көрсөтүлдү деген сүрөт тарап, талкуу жаратты. Үгүт мыйзамдарына ылайык, талапкердин жолугушууларында театрлаштырылган ар кандай шоуларга тыюу салынган. Талапкер эки жолу үгүт эрежесин бузган учурда жарыштан четтетилет.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн