Бугу 06, 2024
Убакыт: 14:04
USD
88.70
89.60
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.975

БУУ Азимжан Аскаровдун өлүмүн көз карандысыз иликтөөгө чакырды

29.07.2020 13:34
1158
БУУ Азимжан Аскаровдун өлүмүн көз карандысыз иликтөөгө чакырды


Бириккен Улуттар Уюму маркум укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өлүмүнүн себебин аныктоо боюнча көз каранды эмес иликтөө жүргүзүүгө чакырды. Бул тууралуу “Азаттык” сайты кабарлады.

69 жаштагы Аскаров 25-июлда №47 абакта каза болгон. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) ал пневмониядан көз жумганын билдирген.

БУУнун Адам укуктары боюнча башкы комиссариатынын басма сөз катчысы Элизабет Тросселл 28-июлда Женевада журналисттерге: «Анын өлүмү боюнча токтоосуз көз каранды эмес жана натыйжалуу иликтөө жүргүзүү зарыл» деп айтты.

Ал ошондой эле эл аралык мыйзамдарга ылайык, Аскаровдун үй-бүлөсү бийликтен кенемте өндүрүп алууга укугу бар экенин кошумчалады.

Тросселл май айында БУУнун Адам укуктары боюнча башкы кеңсеси Кыргызстандын бийлигин Аскаровду саламаттыгына байланыштуу түрмөдөн чыгарууга чакырганын эске салды.

Ал ошондой расмий Бишкекти «пандемия маалында эң аялуу топко кирген абактагыларды мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча маселени карап чыгууга» дагы бир ирет чакырды.

Аскаров 2010-жылдагы июнь коогасын уюштуруу боюнча айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесилген.

 

 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн