Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:51
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

БУУ: COVID-19дан улам баңгизаттарды ташуу жолу өзгөрдү

07.05.2020 10:52
1355
БУУ: COVID-19дан улам баңгизаттарды ташуу жолу өзгөрдү


Коронавируска каршы өлкөлөрдө киргизилген чектөөлөрдөн улам, мыйзамсыз баңгизат саткандардын жолдору өзгөргөн. Бул тууралуу COVID-19 учурундагы баңги базары тууралуу БУУнун баңгизатка жана кылмыштуулукка каршы башкармалыгынын докладында жарыяланды.


Билдирүүгө караганда аба аркылуу ташуу токтогон, жер менен ташууда кыскарган же болбосо кыйынчылыкка кабылып жатышат. Баңгизаттарды жеткирген айрым байланыштар үзүлүп, аткезчилер альтернативдүү жол издеп жатышат.


Маалыматка таянсак, метамфетамин сыяктуу синтетикалык препараттар башкаларга салыштырмалуу аба аркылуу жөнөтүлөт, учурдагы чектөөлөр бул мыйзамсыз затты авиажүк аркылуу жөнөтүүгө тосколдуктарды жараткан.


Кокаиндын негизги бөлүгү суу аркылуу ташылат, пандемия учурунда да Европанын портторунда кармалган учурлар кездешкени айтылат. Героинди көбүнчө кургак менен ташыган, бирок пандемия учурунда суу аркылуу ташыганга өтүшкөн, буга далил катары Индия океанында кармалган каражаттарды мисал келтиришет.


Изилдөөлөргө ылайык, пандемиядан улам киргизилген чектөөлөр мыйзамсыз сатылган кара куурайларга да таасирин тийгизген.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн