Баш оона 21, 2025
Убакыт: 19:47
USD
87.10
87.60
EUR
101.20
102.20
RUB
1.080
1.110

БУУ: Карантинде үй-бүлөлүк зомбулук күч алды

06.04.2020 17:03
1138
БУУ: Карантинде үй-бүлөлүк зомбулук күч алды


Коронавирустун жайылышына каршы дүйнө өлкөлөрүндө киргизилген карантинден улам үй-бүлөлүк зомбулуктун саны кескин көбөйдү. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш «Твиттерге» жарыяланган видеокайрылуусунда айткан.


«Акыркы жумаларда экономикалык жана социалдык басымдын күчөшү менен үй-бүлөдөгү зомбулук болуп көрбөгөндөй көбөйдү. Изоляция зарылдыгынан улам айрым аялдар катаал мамиле кыла турган өнөктөштөрү менен бетме-бет калышты. Айрым өлкөлөрдө колдоо кызматтарына кайрылган аялдардын саны эки эсеге өстү», — дейт Гутерриш кайрылуусунда.


Башкы катчы бул маселени чечүү үчүн бийлик өкүлдөрү зомбулук курмандыктарын колдоо менен алектенген бейөкмөт уюмдарды каржылоону күчөтүшү керектигин белгилейт. Мындан тышкары дарыканалар менен азык-түлүк дүкөндөрүндө коркунуч тууралуу кабар бере турган авариялык системаларды орнотууну сунуштады.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн