Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 09:20
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

БУУ Кыргызстандын маданият тармагында кызматташууга кызыкдар

01.11.2022 12:42
2054
БУУ Кыргызстандын маданият тармагында кызматташууга кызыкдар

маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Антье Гравени кабыл алды.

Ведомстводон билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жаштар темасындагы туруктуу өнүгүү максаттарын жана ишке ашыруу алкагында жүрүп жаткан биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.

Андан ары тараптар КРнын жарандык иденттүүлүгүн өнүктүрүү, Кыргыз жараны концепциясын ишке ашыруу боюнча пикир алмашышты. Анда БУУнун 193 мамлекетти тынчтык үчүн бириктиргендей эле, Кыргыз жараны концепциясы дагы Кыргызстанда жашаган бардык этностордун башын бириктирип турганы айтылды.


Антье Граве ошондой эле Кыргызстандын дүйнөлүк аренадагы активдүүлүгүнө көз салып турганына сыймыктанарын белгилеп, жакында Кыргызстандын БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешине шайланышы менен куттуктап, өлкөдө адам укуктарын өнүктүрүүнүн пайдасы үчүн мындан ары да иш алып барууга даяр экенин билдирди.


Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар белгиленген багыттар боюнча кызматташууга даяр экендиктерин белгилешип, түзүлгөн байланыштарды биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн пайдаланууга макулдашышты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн