Бугу 19, 2024
Убакыт: 09:03
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

БУУ Кыргызстанга баңгизат менен күрөшүүгө 10 млн доллар бөлөт

24.06.2022 15:51
419
БУУ Кыргызстанга баңгизат менен күрөшүүгө 10 млн доллар бөлөт


Тышкы иштер министринин орун басары Динара Кемелова БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын Борбор Азиядагы аймактык өкүлү Ашита Миттал менен жолугушту.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, терроризмге, экстремизмге, баңги заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташууну талкуулашты.

Ашита Миттал 2022-2025-жылдарга Борбор Азия мамлекеттери үчүн программаны жүзөгө ашыруу алкагында Кыргызстанда Баңгизаттар боюнча башкармалыгынын долбоордук иш-чараларын ишке ашырууга 10 млн доллар бөлүнөрүн билдирди.

Аны менен бирге тараптар чек ара өз ара аракеттенүү кеңселерин түзүү аркылуу Борбор Азиядагы чек аралар аралык кызматташтыкты чыңдоого, өткөрүү пункттарынын дараметин бекемдөөгө, кинологиялык дараметти күчөтүүнү талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар 2022-жылдын ноябрында Бишкек шаарында баңги заттарды мыйзамсыз өстүргөн аймактарга мониторинг жүргүзүү жана талдоо жүргүзүүнү макулдашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн