Бугу 19, 2024
Убакыт: 07:02
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

БУУ Кыргызстанга эмне үчүн 25 млн доллар берет?

13.11.2020 17:56
695
БУУ Кыргызстанга эмне үчүн 25 млн доллар берет?

Бүгүн БУУ жана КРнын өкмөтүнө караштуу тышкы иштер министри кызматташууну бекемдөө максатында биргелешкен кайрылуу жасады. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти. 


Кайрылуунун негизги багыты катары БУУ Кыргызстанда демократиянын өнүгүүсүн талап кылат. Ошондой эле, БУУ өлкөдө социалдык-экономикалык абалдын начарлашына, коронавирус оорусунун көбөйүшүн токтотуу, туруктуу өнүгүү жолуна түшүүнү каалайт. 


Бириккен улуттар уюму буга чейин кабыл алынган 2017-2022-жылдардагы стратегиялык пландардын негизинде калктын жашоо шартын жакшыртуу максатында иштеп келген. Мындан кийин 2030-жылга чейинки стратегиялык кызматташуу планын эки тарапттуу иштеп чыгат. 


Азыркы учурда коронавирус оорусу күчөп тургандыктан БУУ Кыргызстан тарапка 25 миллион АКШ доллары өлчөмүндө жардам катары кризистен чыгуу үчүн каражат бөлүүдө. Бул каражат кризиске дуушар болгон экономиканы колдоо максатта 33 тармакта иштетилет. 


Бириккен улуттар уюму жана кыргыз өкмөтү каражаттын бөлүнүшү жана анын сарпталышына эки тараптуу көз салат. 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн