Бугу 22, 2025
Убакыт: 09:38
USD
87.30
87.80
EUR
98.70
99.70
RUB
1.085
1.120

БУУ: Тажикстанда коронавируска чалдыккан ак халатчандардын саны 1700дөн ашты

12.06.2020 09:34
1171
БУУ: Тажикстанда коронавируска чалдыккан ак халатчандардын саны 1700дөн ашты


Тажикстанда коронавирус инфекциясына чалдыккан медкызматкерлеринин саны 1700дөн ашты. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) 10-июндагы билдирүүсүндө айтылат.


Маалыматка ылайык, дартты жуктурган 1700дөн ашуун медицина кызматкеринин 619у дарыгер, 548и мээрбан айымдар. Вирустун таркап кетүүсүнө жеке коргонуу каражаттарынын жетишсиздиги себеп болгон.


Учурда Тажикстанда COVID-19ду жуктуруп алгандар 4834 адамга жетип, 49у кайтыш болсо, 3062 адам оорудан сакайган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн