Теке 10, 2025
Убакыт: 20:27
USD
87.30
87.80
EUR
102.20
103.20
RUB
1.118
1.135

БУУда Кыргызстан демилгелеген резолюция кабыл алынды

10.07.2025 11:47
15
БУУда Кыргызстан демилгелеген резолюция кабыл алынды


7-июлда БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 59-сессиясында "Аялдардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү аракеттерин күчөтүү" аттуу резолюция кабыл алынды.


Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, бул резолюцияны Кыргызстан Доминикан Республикасы, Сьерра-Леоне, Молдова жана Улуу Британия менен өнөктөштүктө демилгелеген.


Резолюциянын авторлорунун курамы Кыргызстандын демилгеси менен аймактык тең салмактуулук эске алынып түзүлгөн — бул анын глобалдык жана инклюзивдүү мүнөзүн көрсөтөт.


Резолюция мамлекеттерди төмөнкүдөй чечкиндүү жана конкреттүү чараларды кабыл алууга чакырат: дискриминациялык мыйзамдар менен практикаларды жоюу; бирдей бааланган эмгек үчүн бирдей акы төлөөнү камсыз кылуу; акысыз кам көрүү эмгегин таанып, аны адилеттүү бөлүштүрүү; аялдардын каржылык кызматтарга, билимге, жетекчилик кызматтарга жана чечим кабыл алуу процесстерине тең жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле аялдар ишкердигин өнүктүрүүгө жана санариптик инклюзияга ыңгайлуу шарттарды түзүү.


Кыргызстан бул маанилүү документти демилгелеп гана тим болбостон, аны БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши тарабынан ар эки жылда туруктуу түрдө каралуучу резолюция макамына ээ кылды. Бул тарыхый жетишкендик Кыргызстан жетекчилигинде аялдардын экономикалык укуктарын кеңейтүү маселелерин кеңештин күн тартибинде туруктуу кармап турууга жана аларга системалуу көңүл бурууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле бул процесс аркылуу прогрессти үзгүлтүксүз көзөмөлдөп туруу жана дискриминациялык тоскоолдуктарды жоюу аракеттерин күчөтүү камсыз кылынат.


Аталган резолюциянын кабыл алынышы — кыргыз дипломаттарынын БУУнун мүчө мамлекеттери менен жүргүзгөн тыгыз, ачык жана инклюзивдүү консультацияларынын жыйынтыгы. Бул Кыргызстан тарабынан аялдардын укуктарын эл аралык деңгээлде коргоого жана бардыгы үчүн адилеттүү, тең мүмкүнчүлүктүү келечек курууга карай бекем саясий эрк менен лидерликти айгинелейт.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн