Бугу 11, 2024
Убакыт: 18:10
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

БУУнун КОВИД-19 боюнча жооп кылуу фонду коронавируска каршы турууда КР өкмөтүнө оң баа берди

05.08.2020 09:18
1070
БУУнун КОВИД-19 боюнча жооп кылуу фонду коронавируска каршы турууда КР өкмөтүнө оң баа берди


БУУнун КОВИД-19 боюнча жооп кылуу жана калыбына келтирүү фондунун башчысы Йенс Вандель мырза Кыргызстанда коронавирустук пандемиянын жайылышына каршы турууда КР өкмөтүнүн күч аракеттерине оң баасын берди. Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 4-августта тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен өткөргөн онлайн кеңешмеде Йенс Вандель бул чөйрөдө эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн зарылдыгын колдоду.

Түзүлүп жаткан кырдаалга байланыштуу тынчсызданууну бөлүшүү менен бирге, КОВИД-19 пандемиясына каршы күрөшүүгө багышталган чараларды колдоо боюнча биргелешкен ишти улантууга даярдыгын билдирди. Мында Й.Вандель жардам берүү мүмкүнчүлүгүн кароо үчүн жакынкы убакытта өлкөнүн керектөөлөрүнүн тизмесин түзүү жөнүндө БУУ тутумунун Кыргызстандагы туруктуу координаторунун кеңсесине кат жөнөтүү пландалып жатканын кабарлады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн